Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүк ташуу, балык же башка деңиз айбандарына уу кылуу, согушка колдонуу үчүн ылайыкталган ири суу транспортунун жалпы наамы. Ысык-Көлдөн жүрүп кетсе кемеси, Чагылышып көлдө жүрөт элеси (Токомбаев). Кемелер сүзгөн көгүлтүр Днепр жээгин сүрөттөп, Мыскалды кызыктырышкан (Сыдыкбеков). Самолётто, же кемеде – деңизде, Чайканада, тойдо – тасмал четинде (Сахгами).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕМЕ АГЕНТИ – тапшыруу, жалдоо жана сактоо келишимдеринин белгилерин камтуучу деңиз агенттик келишиминин негизинде кеме ээсине кызмат көрсөтүүчү жак. Адатта, К. а. жөнөтүүчүлөр менен тийиштүү мамлекеттик органдарга кеменин келе турган убактысын билдирет, суубекеттеги майда-чүйдө иштерди жана кемени тейлөө жумуштарын (күйүүчү май, суу, азык-түлүк менен камсыз кылуу) аткарат, жүк документтерин жолжоболоштурат, кеме ээсинин кызыкчылыгын коргойт ж. б. у. с.